Мыйзамсыздыкка кабылган бизнесмендер Башкы прокуратурага жардам сурап кайрыла алышат

Мыйзамсыздыкка кабылган бизнесмендер Башкы прокуратурага жардам сурап кайрыла алышат.

Кененирээк инвесторлорду колдоо жана ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы

прокурору Авазбек Аликулов айтып берди. Ишкерлер мамлекеттик органдар тарабынан аларга болгон негизсиз

текшерүүлөр маселеси боюнча жана башка түздөн-түз өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу мамлекеттик

органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кайрылууга болот.

Кайрылууда көрсөтүлгөн дооматтар кылдаттык менен каралып чыгып, жыйынтыгы менен эгер мамлекеттик органдардын

мыйзамсыз аракеттери аныктала турган болсо тийиштүү чаралар колдонулуп, аракеттер көрүлөт.

Кошумчаласак, күнү-түнү кайрылууларды кабыл алган (0312) 88-90-33 ишеним телефону иштейт.