Кыргызстанда 344 миң жаран биометрикалык маалыматын тапшырган эмес.
БШКнын маалыматына ылайык, 20-мартка чейин көчмө түйүндөр шаарларды жана
аймактарды кыдырат. Ага каалоочулар өздөрүнүн биометрикалык маалыматын тапшырса болот.
Ведомстводон белгилешкендей, индентификациядан өтпөгөн жарандар шайлоого катыша албайт.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт. Анын 420сы айылдык болсо, 28и шаардык.