Кыргызстан менен Өзбекстан 550,5 миллион долларга 60 долбоорду ишке ашыруу ниетинде.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, анын алкагында Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү ,
логистикалык борбор жана бир катар өндүрүш ишканаларын куруу каралады. Белгилеп кетсек,
«Жол картага» киргизилген долбоорлор мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлөт.
Тараптар аркылуу кароо процессинде толукталып же четке кагылышы мүмкүн.