Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунда кызматтык жана дипломатиялык паспортторду берүү жеңилдетилет

Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунда кызматтык жана дипломатиялык паспортторду берүү жеңилдетилет.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, буга чейин жумушчу долбоор бир борбордо сыноодон өттү.

Операторлор документтерди даярдоо үчүн электрондук арыздарды толтурушту. Долбоор 10 айга созулуп,

жакшы жыйынтык көрсөттү. Эми жаңычылдык өлкө боюнча калкты тейлөө борборлорунда жеткиликтүү болот.

Кошумчаласак, буга чейин аталган документтер тышкы иштер министрлигинин

консулдук кызмат департаментинде толтурулчу.