Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет

Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, өзбек тарап биздин өлкөдөн жылына 600 миң тонна көмүр импорттоо ниетинде.

Көмүр казуучу 21 компаниянын тизмеси түзүлүп, алар тууралуу маалымат берилди.

Учурда мүмкүнчүлүктөр, көлөм, жеткирүүнүн логистикасы жана баасы талкууланууда.