Бишкекте жаңырган жумада жаан, кар жаап шамалдуу болот

Бишкекте жаңырган жумада жаан, кар жаап шамалдуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, абанын нымдуулугу 7-апрелге чейин сакталат. Бүгүн ордо калаада дээрлик күн бою жаан жаайт. Абанын максималдуу жылуулугу +4 градуска жетет. Эртең термометр мамычалары күндүз +2 градустан жогорулабайт. Таңда кар аралаш жаан жааса, шаршембиде жаан-чачын токтойт.… Кененирээк…

Балыкчы шаарынын Төлөмүш Океев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Балыкчы шаарынын Төлөмүш Океев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, курулуш иштери жакынкы аралыкта старт алат. Анын алкагында тилке толук калыбына келтирилип, тротуар жана ирригациялык тармактар пайда болот. Багыттала турчу сумманын көлөмү 105 миллион сомду түзөт

Кыргызстандыктарды апрелде кошумча эс алуу күнү күтүп турат

Кыргызстандыктарды апрелде кошумча эс алуу күнү күтүп турат. Өкмөттүн 2021-жылга карата өндүрүш календарынын токтомуна ылайык, кыргызстандыктар 7-апрелде эс алат. Кийинки айда андан башка дем алыш күндөрү жок. Ушуну менен беш күн иштегендер бир айда тогуз 9 күн жумушка чыкпайт

Кыргызстанда дагы 62 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 62 адам коронавирустан айыгып чыкты. Алар Бишкекте – 36, Ошто – 2, Чүйдө – 23 жана Нарында – 1, — деп билдиришти республикалык штабдан. Ушуну менен өлкодө пандемия катталгандан тартып 84 миң 653 адам ковидди жеңип чыкты.

Бишкек – Ош унаа жолунун 431-чакырымы кыймылга жабык

Бишкек – Ош унаа жолунун 431-чакырымы кыймылга жабык. Аталган тилкеге катуу жааган жаандан улам кум шагыл түрүндө көчкү түштү. Бул тууралуу novosti.kgге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Учурда Разан — Сай айылына тиешелүү тилкеге түшкөн жер көчкүнүн көлөмү такталууда. Жабыркагандар катталган жок. Жерине тазалоо… Кененирээк…

Бишкекте бала бакчалар азырынча толук ачылбайт

Бишкекте бала бакчалар азырынча толук ачылбайт. Даярдоо жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган өзүнчө топтор гана иштейт, — деп билдиришти мэриянын билим берүү башкармалыгынан. Ал эми жеке менчик мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин көбү ишин кадимки режимде улантууда. Эске салсак, коронавирустан улам мектептер жана бала бакчалар… Кененирээк…

Карантиндик чектөөлөр азырынча киргизилбейт

Карантиндик чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук күчөтүлүп, бет кап тагынуу режими талап кылынат. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Тиешелүү чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынат. Эске салсак,… Кененирээк…

Лейлек районун Кулунду айылында жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун жаңы имараты курула баштады

Лейлек районун Кулунду айылында жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун жаңы имараты курула баштады. Имараттын капсула салуу аземи өттү. Жаңы медициналык мекемеде хирургиялык жана жандандыруу бөлүмдөрү, дарыгерлер, медайымдар кабинети, ошондой эле бейтаптар үчүн палаталар жайгашат. Курулуш иштерин быйыл октябрга чейин аяктоо пландалууда. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 28… Кененирээк…

Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө автобус каттамын ачуу пландалууда

Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө автобус каттамын ачуу пландалууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, иштер жай мезгилинде Ысык-Көлгө туристтердин санын көбөйтүү максатында аткарылууда. Андан тышкары, Ташкент менен Тамчы айылынын ортосундагы темир жол жана аба каттамдарын да улантуу маселеси талкууланды. Сүйлөшүүлөр премьер-министр Улукбек Мариповдун Ташкентте өткөн расмий иш сапарынын… Кененирээк…

Ысык-Көл айланма унаа жолунун бир тилкесин калыбына келтирүү долбоору жактырылды

Ысык-Көл айланма унаа жолунун бир тилкесин калыбына келтирүү долбоору жактырылды. Бул үчүн ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду 10 миллион сомдук насыя бөлүп берет, — дешти Экономика жана каржы министрлигинен. Долбоор өзүнө Корумду айылынан Балбайга чейинки 80,5 чакырым жолду калыбына келтирүүнү камтыйт. Белгилеп кетсек, айланма жолду… Кененирээк…