Бишкектин 11-кичирайонунда эс алуу аймагы пайда болот
Бишкектин 11-кичирайонунда эс алуу аймагы пайда болот. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эс алуу багы Куттубаев жана Айтиев көчөлөр кесилишинде жайгашат. Аймакта түнкү чырактар, отургучтар орнотулуп, тротуар жана ирригациялык тармак түшүрүлөт.