Ордо калаада айдоочуларга тыгындарды алдын алуу сунушталат.
Жол тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу 21 көчөдө кыймыл татаалданды, — деп
билдиришти милициянын кайгуул кызматынан. Андан улам, айдоочуларга ыңгайсыз
абалга кабылбоо үчүн альтернативалык каттамдарды түзүп алуу сунушталат.
Бишкектеги ремонт иштери жүрүп жаткан көчөлөрдүн толук
тизмесин кызматтын соцтармактардагы баракчасынан билсе болот.