Бишкекте көчө жарыгын оңдоо иштери уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы жарык диоддук чырактар Сарыкулов, Оренбург, Айдаралиев, Ош жана Чехов көчөлөрүндө пайда болду.

 

Жалпысынан, мындай 30 чырак орнотулду. Көчө жарыгын оңдоо иштери уланат, — дешти муниципалитеттен.