Темир жол кызматкерлеринин маянасы 5 пайызга жогорулайт.
Тиешелүү чечимге “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Василий Дашков кол койду.
Маянаны көтөрүү чечими азык-түлүктүн, товарлардын жана препараттардын кымбатташынан
улам кабыл алынды. Күтүлгөндөй, ушул айдан баштап 5 миңден ашык кызматкердин айлыгы көбөйөт.