Кыргызстандар майда 10 күн эс алат

Кыргызстандар майда 10 күн эс алат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 1-5-9-май майрамдык эс алуу күндөрү. Эгер алар дем алышка туура келсе, анда иш күнүнө жылдырылат.   Алсак, 1-май үчүнө, ал эми тогузу 10-майга которулат. Бирок 3-майдагы эс алуу президенттик шайлоолор үчүн 8-январга жылдырылгандыктан, майдын… Кененирээк…

Бишкекте 20 көчө ремонттук иштерге жабык

Бишкекте 20 көчө ремонттук иштерге жабык. Тилкелерде атайын техника иштеп жатат, учурда асфальт төшөө жана көчөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө. Кыймылга чектөөлөр киргизилгендиктен, тыгындар жаралууда.   Андыктан, Кайгуул милиция тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алууну сунуштайт.

Бишкекте жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдум учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Бишкекте жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдум учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жарандар дагы, шайлоо тилкелери дагы кайтаруу алдында болот.   Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин электр энергиясы Жантөшев, Матросов, Елецкий, Малдыбаев, Лермонтов, Фрунзе көчөлөрүндө жана 5-6-кичи райондордо жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандык Владимир Золоев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык Владимир Золоев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медалга ээ болду. Ал  81 килограммга чейинки салмакта татамиге чыгып, түштүк кореялык Ли Мун Жинди жеңди.   Бул Кыргызстан капчыгындагы экинчи медаль. 60 килограммга чейинки салмакта Кубанычбек Айбек уулу коло байгенин ээси болгон. Бишкекте өтүп жаткан дзюдо… Кененирээк…

Муфтият битир садаганын баасын бекитти

Муфтият битир садаганын баасын бекитти. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдришкендей,  быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.   Базар баасы менен алганда ар бир адамга 40 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары ун, мейиз, арпа, курма менен берсе болот. Мусулмандар битир-садаганы… Кененирээк…

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир жылга жылдырылды

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир жылга жылдырылды.   Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын жолугушуусунда белгилүү болду.   Эске салсак, Кыргызстандын ири долбоору болгон Дүйцнөлүк көчмөндөр оюндарын эки жыл сайын башка мамлекеттерде өткөрүү чечими… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мектептерди жабуу оюнан кайтты

Бишкек мэриясы мектептерди жабуу оюнан кайтты. Ордо калаада мектептер  12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришкендей, 14-апрелден тарта кадимки режимде окуу уланат.   Шаардык кеңеш шайлоолорунан кийин имараттар тазаланат. Бул бала бакчаларга дагы тиешелүү.   Эске салсак, буга чейин мэрия Бишкектеги бала бакчалар кайрадан… Кененирээк…