Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.   Кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттыкты сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.   Медициналык мекемелердин… Кененирээк…

Кумар оюндарына уруксат берүү жөнүндө дагы бир долбоор сунушталды

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда кумар оюндарын иштеткен административдик адистештирилген район түзүүнү сунуштап жатат. Алар мындай оюн-зоок комплексинин кызмат көрсөтүүлөрү жабык аймактарда уюштурулуп, чет элдик гана жарандар үчүн иштей турганын жазышкан.   Документтин демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Сайдолимжон Жураев, Бейшеналы Нурдинов жана… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болот

Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болот.   Мэрия Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөр кесилишинде сквер куруу ниетинде. Иштер шаар бюджетине залакасын тийгизбейт, анткени, чыгашалардын бардыгын инвестор өз мойнуна алды.   Эс алуу аймагын куруу үчүн тилкедеги айрым объектилер алынат.

Кыргызстанда дагы 111 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 111 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 69, Ошто 1, Чүйдө 33, Ысык-Көлдө 5, Жалал-Абадда 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен жалпысынан өлкөдө 85 миң 607 адам коронавирусту жеңди.

Беткап тагынгыла! Бишкектин коомдук жайларында жана транспортунда рейддер жүрүүдө

Беткап тагынгыла! Бишкектин коомдук жайларында жана транспортунда рейддер жүрүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун тапшырмасы менен, санитардык нормаларды сактоо боюнча чаралар күчөтүлдү.   Ага ылайык, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларда жана автобус, троллейбус, маршруттук таксилерде беткап режиминин сакталышы боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массалары Бишкек – Ош, Ала-Бука – Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ош – Сары-Таш жана Каракол –… Кененирээк…

Ордо калаада Койбагаров көчөсүн оңдоо иштери уланууда

Ордо калаада Койбагаров көчөсүн оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер учурда анын Каралаев-Жукеев-Пудовкин тилкесинде жүрүп жатат.   Эске салсак, кайра калыбына келтирүү “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүрүүдө. Аталган программа 2 жылга созулуп, кытайлык гранттын эсебине ишке ашырылат.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкер партиялар добуштардын  15 пайыздан ашыгын топтой алса, аларга күрөө акысы кайтарылат

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкер партиялар добуштардын  15 пайыздан ашыгын топтой алса, аларга күрөө акысы кайтарылат. Бул тууралуу Бишкек шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.   Анын айтымында, эгер саясий уюм кеңешке өтүп, бирок добуштардын 15 пайызын топтой албаса, каражат кайтарылбайт.   Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкекте шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 14-апрелге чейин жабык болот

Бишкекте шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 14-апрелге чейин жабык болот. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.   Анын айтымында, мындай чара балдардын шайлоого келген жарандар менен байланышын болушунча азайтуу максатында кабыл алынды. Добуш берүүдөн кийин 12-13-апрелде имараттарда санитардык тазалоо жүргүзүлөт.

Ким Карашьян расмий түрдө дүйнөдөгү эң бай аял болду

Ким Карашьян расмий түрдө дүйнөдөгү эң бай аял болду. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, америкалык жылдыздын байлыгы акыркы жарым жылда  1 миллиард долларга жетти.   Белгилеп кетсек, анын косметикалык жана ич кийим чыгарган бренддери бар. Ошондой эле, Ким Кардашьян Amazon жана Netflix компанияларынын акцияларына ээ.