Бишкекте жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдум учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Бишкекте жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдум учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жарандар дагы, шайлоо тилкелери дагы кайтаруу алдында болот.

 

Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум алдыдагы жекшемби, 11-апрелде өтөт.