Кыргызстандык Владимир Золоев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык Владимир Золоев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медалга ээ болду. Ал  81 килограммга чейинки салмакта татамиге чыгып, түштүк кореялык Ли Мун Жинди жеңди.

 

Бул Кыргызстан капчыгындагы экинчи медаль. 60 килограммга чейинки салмакта Кубанычбек Айбек уулу коло байгенин ээси болгон. Бишкекте өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат.