Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин электр энергиясы Жантөшев, Матросов, Елецкий, Малдыбаев, Лермонтов, Фрунзе көчөлөрүндө жана 5-6-кичи райондордо жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.