Бишкек-Кара-Балта поезд каттамы бир күнгө убактылуу токтотулат

Бишкек-Кара-Балта поезд каттамы бир күнгө убактылуу токтотулат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, каттамдар 17-апрель күнү убактылуу токтойт.   Маалым болгондой, Беловодское жана Шопоков аймагындагы жолдордо оңдоо иштери жүргүзүлөт. 18-апрелде поезддер түзүлгөн иш убактысынын негизинде кайрадан каттамдарды улантат.

Таиландда дүкөнгө капыстан кирип барган крокодил элдин жүрөгүн түшүрдү

Таиландда дүкөнгө капыстан кирип келип, текчелерге чыга баштаган чоң крокодил элдин үрөйүн учурду. Мындай видео социалдык тармактарда тарап жатат. Маалыматта айтылгандай, видеону дүкөнгө кирген кардар тартып алып социалдык тармакка жүктөгөндөн кийин катуу талкууга алынган. Кардар журналисттерге видеосун бүт дүйнө кеп кыларын билген эместигин айткан. Видео… Кененирээк…

Ош шаарында каралбай калган эс алуу жайы этно жайга айланат

Ош шаарында көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү «Достук» эс алуу багындагы курулуш иштерин көрдү. «Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик-жеке… Кененирээк…

Нарын облусунда COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө башталды

Нарын облусунда COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Табылды Жакыпов билдирип, өзү дагы биринчилерден болуп вакцина алган.   Жакыповдун айтымында, облуска сегиз миң доза вакцина алып келинип райондордогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жеткирилген. Бул препарат менен төрт… Кененирээк…