Кыргызстандыктар эми Россияга негиздөөсү жок уча алат

Кыргызстандыктар эми Россияга негиздөөсү жок уча алат. “Манас” эл аралык аэропорттон билдиришкендей, биздин өлкө ЕАЭБдин “COVID-19 жок саякатта” долбооруна кошулду.   Бул бирикменин ичинде эркин жана коопсуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кошумчалап кетсек, программага Россия, Белоруссия жана Армения кирет. Кененирээк маалымат аба майдандын сайтында жеткиликтүү.

Кыргызстанда коронавирустан 800 адам эмделди

Кыргызстанда коронавирустан 800 адам эмделди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп вакцина алгандар Ош, Бишкек шаарлары жана Ош облусуна туура келет.   Андан тышкары, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тургундары эмделип жатат. Ведомстводон эске салышкандай, өлкө аймагында массалык эмдөө 29-мартта старт алды. Бул максатта… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычына суунун агып келгени дагы, чыкканы дагы бирдей болууда

Бүгүн, 9-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун агып келгени дагы, агып чыкканы дагы бирдей болууда. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.   «Бүгүн, 9-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 569 миллион метр кубду түздү.… Кененирээк…

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 10-11-апрелде өтөт

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 10-11-апрелде өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Айыл чарба жарманкеси өтчү даректер: 1. Биринчи Май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде; 2. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

«Сосновка» жана «Арал» постторундагы чектөө алынды

Бүгүн, 9-апрелде саат 07:00дө «Сосновка» жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унаалардын каттамына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 8-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 112 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 112 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 60, Ошто 2, Чүйдө 35, Нарында 3, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 85 миң 719 адам коронавирусту жеңди.

Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын алкагында тарыхый рекорд орнотту

“ПСЖнын” чабуулчусу Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын алкагында тарыхый рекорд орнотту. Форвард бир сезондо катары менен 5 гол киргизген алгачкы футболчу болду.   Эске салсак, буга чейин “ПСЖ” 3:2 эсебинде жарым чейрек финалда “Баварияны” утуп алды. Мбаппе беттеште дубль ишке ашырды. Экинчи гол командага жеңиш алып… Кененирээк…

Ошто 3 муниципалдык ипотекалык үй курулууда

Ошто 3 муниципалдык ипотекалык үй курулууда. Бул тууралуу novosti.kgге муниципалдык ипотекалык компаниянын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу билдирди.   Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 515 миллион сомду түзөт. Эки турак-жай ушул жылы колдонууга берилсе, үчүнчүсүнүн курулушу кийинки жылы аягына чыгат. Ипотекага батирлерди үйү жок, бирок төлөмгө… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумга даярдык иштери дээрлик аяктады

Жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумга даярдык иштери дээрлик аяктады. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, добуш берүү үчүн урналар тилкелерге жеткирилди. Учурда операторлор жабдууларды тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Эске салсак, өлкө аймагында 2 миңден ашык шайлоо тилкеси ачылат. Ал эми шайлоочулар тизмесине 3 миллион жаран… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык кечки саат 5ке чейин ордо калаанын Дордой конушунда жанаЛенинское, Байтик, Лебединовка, Новопавловка, Военно-Антоновка, Сокулук, Манас айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.