Ош шаарында каралбай калган эс алуу жайы этно жайга айланат

Ош шаарында көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү «Достук» эс алуу багындагы курулуш иштерин көрдү.
«Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын колго алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн жеке ишкерлерди инвестор катары тартып, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экендигин билдирди. «Достук» эс алуу жайы шаардын көркүнө дагы салым кошот деп кошумчалады.
Долбоор үч айдын ичинде бүтүп, шаардагы кооз эс алуу жайларынын катарын толуктайт«, — деп жазылат маалыматта.