Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миллион 637 миң жаран жашайт

Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миллион 637 миң жаран жашайт. Улуттук банктан билдиришкендей, туруктуу калктын 3/1 бөлүгү шаарларда жана 3/2 бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Кыргызстандыктардын жарымынан көбү ишке жарамдуу куракта жана 8 пайызы ишке жарамдуу курактан өткөндөр. Кошумчаласак, калктын жалпы санынын 35 пайызын балдар жана… Кененирээк…

Медицина кызматкерлерине компенсация берүү маселеси так жана ачык чечилет

Медицина кызматкерлерине компенсация берүү маселеси так жана ачык чечилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, төлөмдөргө 200 миллион сом каралган. Андан тышкары, билдирүүлөрдү караган комиссиянын курамы жаңыланат. Комиссия ошондой эле бардык талаш жараткан арыздарды кайрадан карап чыгат. Новиков ошондой эле саламаттыкты сактоо… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан түнкү 10го чейин Садыгалиев, чоң Чүй каналы, Ала-Арча дарыясы жана темир жол менен чектеш аймактарда, ошондой эле Достук кичи районунда, Кызыл-Аскерде, 110-кварталда суу жок болот. Өчүрүүлөр «Батыш» суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Андан… Кененирээк…

Жалал-Абадда социалдык шаарчанын курулушу башталды

Жалал-Абадда социалдык шаарчанын курулушу башталды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, шаарча 100 батирлүү 25 үйдөн турат. Андан тышкары, атайын аймакта 100 орундуу тигүү цехи, фельдшердик акушердик түйүн, мечит, дүкөн жана футбол аянтчасы пайда болот. Бул үчүн Ноокен районунун Сакалды айылынан 3 гектар жер бөлүнүп берилген. Турак жайлар… Кененирээк…

118 чалуу борборунун иш тартиби өзгөрдү

118 чалуу борборунун иш тартиби өзгөрдү. Эми ковид боюнча кеп-кеңеш берүүчү ыкчам линия жарандарга күнү-түнү кызмат көрсөтөт, -деп билдирди вице-мэр Айжан Чыныбаева. Чалуу борбору райондук биргелешкен үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун базасында иштейт. Эске салсак, жыл башынан бери 118 ыкчам линиясына 12 миңден ашык жаран жардам сурап… Кененирээк…

Бишкекте добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелиши мүмкүн

Бишкекте добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелиши мүмкүн. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, партия шайлоодон четтеп калган убакта, алардын добушу алынып, андан кийин 7 пайыздык көрсөткүч кайрадан эсептелет. Эске салсак, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 1 партияны шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Мындай чара  «добуш… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады. “Электр станцияларынын” маалыматына караганда, бүгүнкү күндө көрсөткүч 8 миллиард 624 миллион кубометрди түздү. Суунун агып кириши чыгымдан дээрлик 2 эсе көбөйдү. Эске салсак, апрелдин башында нымдуулуктун көлөмү 8,5 миллиард кубометр чегинде кармалып турган. Ишканадан белгилешкендей, башкы резервуарда учурда деле… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, 19-21-апрель аралыгында Путепроводная, Виноградная, Ауэзов көчөлөрүндө жана Тунгун кичи районунда көгүлтүр от жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу.

Ош — Баткен — Исфана унаа жолун калыбына келтирүү иштери жанданды

Ош — Баткен — Исфана унаа жолун калыбына келтирүү иштери жанданды. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, пандемияга байланыштуу долбоорду ишке ашыруу кечеңдеген.   Күзгө чейин трассанын 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки тилкеси оңдолот. Эске салсак, Ош – Баткен – Исфана жолун калыбына келтирүүгө 116 миллион долларды Япония эл… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 149 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 149 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 101, Чүйдө 34, Ошто 3, Нарында 2, Жалал-Абадда 9 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 87 миң 56 адам короравирусту жеңип чыкты.