Бишкекте добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелет

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодон НДПК партиясынын четтетилгендигинен улам эми добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелиши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   “Мыйзамдын бузулушуна байланыштуу партия шайлоодон четтеп калган убакта, алардын добушу алынып салынып, андан кийин кайрадан жети пайыздык… Кененирээк…

Ош облусунун Маданият айылында №42 мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Маданият айылында №42 мектептин курулушу уланууда.  Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, имарат 225 окуучуга чакталат. Бүгүнкү күндө иштердин 90 пайызы аягына чыгып калды.   Мектепти колдонууга майда берүү пландалууда. Кошумчалап кетсек, мектеп курулушунун сметалык баасы 800 миң долларды түзөт. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Теплоключинка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Ысык-Көл облусунун Теплоключинка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалып, анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык шарттар каралган.   Ак-Суу районунун тургундары бул жерден паспорт алууга документтерди толтуруп, никени каттап, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ала… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгат

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков компенсацияга байланыштуу митингге чыккан медицина кызматкерлер менен жолугушкан. Анда кенемте үчүн бюджеттен 200 миллион сом каралганын жарыялаган.   Эске… Кененирээк…

WhatsApp мессенджери 15-майдан тарта айрым колдонуучуларга кызмат көрсөтүүсүн токтотот

WhatsApp мессенджери 15-майдан тарта айрым колдонуучуларга кызмат көрсөтүүсүн токтотот. Андай болбошу үчүн колдонуучулар сервистин жаңы эрежелерин кабыл алышы керек.   Бул учурда эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми жаңы саясатты кабыл албагандардын функциялары чектелет. Алсак, алар келген каттарды окуй албай, билдирүү жаза албайт.

Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди

Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 2020-жылы бул жаатта ыктыярдуу түрдө 36 миң 724 келишим түзүлгөн.   Камсыздандыруунун жалпы суммасы 12 миллиард сомду түздү. Ал документ толтурган адам ооруганда же кырсыкка учураганда… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 9,5 миңден ашык адам эмделди

Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 9,5 миңден ашык адам эмделди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вакцина алгандардын көбү Ош облусуна туура келет – 4 миң 300.   Эң аз Баткен облусунда, болгону 367 адам эмделди. Эске салсак, Кыргызстанда массалык эмдөө 29-мартта башталды.   Бул максатта кытайлык вакцина… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чектеш аймагындагы Ак-Сай абалы боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат

Кыргыз-тажик чектеш аймагындагы Ак-Сай абалы боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Эске салсак, 17-апрелде суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканда Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.   Окуя… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Элебесов, Карагач көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектинде, Дордой, Ак-Ордо, Көлмө, Ак-Өргө, Көк-Жар, Бакай-Ата конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова алтын медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Маслова аялдар арасында 21,1 чакырымдык классикалык аралыкты биринчилерден болуп басып өтүп, алтын медаль тагынды.   Эске салсак, буга чейин жөө күлүк эл аралык Ташкент марафонунда дагы алтын медалга ээ болгон.