Бишкекке газ менен жүргөн 350 автобус жеткирилет

Бишкекке газ менен жүргөн 350 автобус жеткирилет. Бүгүн ордо калаа мэриясы жана өзбек компаниясы ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, ушул жыл ичинде шаардагы каттамдарга газ менен жүргөн экологиялык автобустар кое берилет.   Транспорттун биринчи партиясы 1-июнга чейин жеткирилет.   Мэриядан белгилешкендей, автобустардын… Кененирээк…

Баткендин Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курулуп баштады

Баткендин Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курулуп баштады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Андан такташкандай, курулуш иштери бүгүнтөн тарта жүргүзүлүүдө.   Эске салсак,  28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда    36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.  … Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Көк-таш айылындагы 5 үйдүн ичи, 35 турак жайдын короосу, чарба курулуштары жана жолдор сууга толуп калды. Тазалоо иштерине 100 адам жана атайын техникалар тартылды. Учурда электр энергиясын берүү калыбына келтирилди. Иштер бүгүн да уланууда

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 43 миң 127 адам өттү

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 43 миң 127 адам өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди. Анын айтымында, экинчи дозаны алгандардын саны 6 миңди түзөт. Эске салсак, өлкөгө Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы жана Россиядан  “Спутник V” вакцинасынын 40 миң дозасы… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 304 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 304 адам коронавирусту жеңип чыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун айтымында, айыккандардын басымдуусу Бишкекке жана Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен ковидден сакайгандардын саны 92 миң 120 адамга жетти.

Ош шаарында таза суу берүү кайрадан токтотулду

Ош шаарында таза суу берүү кайрадан токтотулду. Бул тууралуу «Ош суу канал» ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу убактылуу тартыштык жаралды. Учурда калаанын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу… Кененирээк…

Индиянын Ганг дарыясынан коронавирустан каза тапкан 30дай адамдын сөөгү табылды

Индиянын Буксар шаарында Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады. Билдирмеге ылайык, аталган аймактын администрациясы кишилердин сөөктөрү коңшу штаттан агып келиши ыктымал деп божомолдогон. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге дарыянын жээгинде жашагандар кремация… Кененирээк…

Дүйнөдө COVID-19 жуктургандар менен каза тапкандардын көрсөткүчү эң жогорку чекке жетти

Жер жүзүндө COVID-19 жуктургандар менен көз жумгандардын көрсөткүчү эң жогорку чегине келди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус маалымат жыйында билдиргенин РИА Новостижазды. «Илдеттин азая баштаганы бардык аймакта, анын ичинде Америка менен Европада да байкалууда. Анткен менен оорунун жогорку чегинде… Кененирээк…

Ош – Гүлчө унаа жолундагы селдин кесепеттери жоюлду

Үстүбүздөгү жылдын 9-май күнү жааган жаандан сел пайда болуп, Ош – Гүлчө автожолунун 42, 43 жана 51-чакырымында автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тоскоолдукту жоюу үчүн ыйгарым укуктуу өкүл Жарасул Абдураимов тиешелүү кызматтарга тапшырма берген. Учурда №959 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, кечээ зилзаланын күчү Тоң районунун Шор-Булак, Оттук, Кара-Талаа, Кара-Шаар, Туура-Суу айылдарында-2,5 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.