Баткендин Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курулуп баштады

Баткендин Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курулуп баштады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Андан такташкандай, курулуш иштери бүгүнтөн тарта жүргүзүлүүдө.

 

Эске салсак,  28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда    36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.

 

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураган.