Үстүбүздөгү жылдын 9-май күнү жааган жаандан сел пайда болуп, Ош – Гүлчө автожолунун
42, 43 жана 51-чакырымында автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тоскоолдукту жоюу үчүн
ыйгарым укуктуу өкүл Жарасул Абдураимов тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.
Учурда №959 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан Ош – Гүлчө жолундагы
селдин кесепеттери толугу менен жоюлуп, автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарт түзүлдү.