Ош шаарында таза суу берүү кайрадан токтотулду

Ош шаарында таза суу берүү кайрадан токтотулду.

Бул тууралуу «Ош суу канал» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы

суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу убактылуу

тартыштык жаралды. Учурда калаанын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда,

Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу жок. Андан улам

«Ош суу канал» ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып берет.

Эске салсак, ушундай эле себеп менен Ош шаарында

мындан үч күн мурда дагы суу берилбей калган.