Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 43 миң 127 адам өттү.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
Анын айтымында, экинчи дозаны алгандардын саны 6 миңди түзөт. Эске салсак, өлкөгө
Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы жана Россиядан “Спутник V”
вакцинасынын 40 миң дозасы жеткирилди. Вакцинация кампаниясы 29-мартта старт алды.