“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптын 66 пайызы төлөндү

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптын 66 пайызы төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Маалыматка караганда, эреже бузуу боюнча төлөнгөн айыптын суммасы 1 миллиард 729 миллион сомду түздү. Жалпысынан 2 миллион 373 миң токтом чыгарылган. Анын 130… Кененирээк…

Мигранттардын 3 800гө жакын баласы бөтөн адамдар менен калышкан

2020-жылдагы маалыматтарга караганда, мигранттардын 3 800гө жакын баласы бөтөн адамдар менен калышкан. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Анын айтымына караганда, өткөн жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып текшергенде эмгек мигранттарынын 86 миңге жакын баласы аныкталган. «69… Кененирээк…

Баткен районунун Табылгы айылында сел жүрдү

Кечээ, 30-май күнү саат 19:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Табылгы айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, сел жүрүп сайдын ичиндеги ички чарбалык унаа жолдун 200 метр аралыгын бузуп, сайдан ашкан суу 4 үйдүн короосун каптаган. Бүгүн жарандык коргонуу… Кененирээк…

Бишкектин 35 жаңы конушу жарыктандырылат

Бишкектин 35 жаңы конушу жарыктандырылат. Мэриядан билдиришкендей, жыл  аягына чейин көчөлөргө 4,5 миң чырак орнотулат. Учурда иштер  Алтын-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас конуштарында жүрүп жатат. Андан кийин жумуштар Биринчи май, Свердлов райондорунда уланат. Белгилеп кетсек, Бишкекте 48 жаңы конуш бар, аларда 300 миңден ашык адам жашайт.

Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 4-июнга чейин маалы менен жабылат

Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 4-июнга чейин маалы менен жабылат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, тилкенин 131-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Андан улам саат 9дан түшкү 3кө чейин жолдун айрым бөлүктөрү жабылып, поезд жана унаалардын өтүшүнө бир тараптуу чектөө киргизилет. Айдоочуларга сапарга… Кененирээк…

Дүйнөдө ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча рейтингде Кыргызстан төмөнкү көрсөткүчтө

Дүйнөдө ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча рейтингде Кыргызстан төмөнкү көрсөткүчтө. Анда жалпысынан 109 өлкөнүн ичинен биздин республика 98-орунду ээледи. Бул тууралуу өлкөлөр боюнча мүлк бааларынын индексинде келтирилди. КМШ өлкөлөрү ичинен Россия 65-орунда болсо, Молдова 73үнчүдө, Казакстан 74- позицияда. Ал эми Азербайжан 82-орунда турса, Беларуссия 96чыда. Ал эми… Кененирээк…

1-июнь, эртеңден тартып унааларды алымдын нөл ставкасы менен кайра каттоо арзандайт

1-июнь, эртеңден тартып унааларды алымдын нөл ставкасы менен кайра каттоо арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акция учурунда унааны кайрадан каттоонун баасы чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1 миң 360 сомду түзөт. Унааны кайра каттоонун баасын төмөндөтүү — убактылуу акция, ал… Кененирээк…

Ушул жумада Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын дагы бир партиясы жеткирилет

Ушул жумада Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын дагы бир партиясы жеткирилет. Бул тууралуу Акипресске  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү Кытайдан «Синофарм» препаратынын 150 миң дозасы келиши күтүлүдө. Белгилеп кетсек, вакцина Кыргызстанга акысыз негизде берилет. Учурда өлкөдө Россиялык жана Кытайлык… Кененирээк…

Былтыр ымыркайлардын төрттөн бир бөлүгү никесиз төрөлгөн

2020-жылы ымыркайлардын төрттөн бири никесиз төрөлгөн. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Адис Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн «КРде зомбулукка кабылган балдар катталууда. Бийлик аларды кантип коргойт» аттуу брифингге катышты. «Өткөн жылы Кыргызстанда 170 миңге жакын бала төрөлдү.… Кененирээк…

1-июлдан тарта Кыргызстанда спирт ичимдиги жана чылымды санариптик идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет

1-июлдан тарта Кыргызстанда спирт ичимдиги жана чылымды санариптик идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабалашты. Билдирмеге ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн аймактарында маркаланбаган ичимдик менен чылымды жүгүртүүгө тыюу салынат. «Арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзам, шарап,… Кененирээк…