Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу адаттагыдай эле 3 этап менен жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу адаттагыдай эле 3 этап менен жүргүзүлөт. novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, биринчиси 12-июлдан 17-июлга чейин өтөт.   Экинчи этап – 19-23-июль, ал эми үчүнчүсү 26сынан 31-июлга чейин. Эске салсак, бардык процедура “Абитуриент Онлайн” сайтында жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр документтерин Жалпы республикалык… Кененирээк…

Түндө Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.   Жердин силкинүүсү 31-майда саат 00:08де катталган. Ал Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга жана Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкташкан. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 889 чарчы метрди түзөт.   Долбоор боюнча, биринчи кабатка ашкана, методикалык окутуу, ойноо, тамак бөлүштүрүү, уктоочу, техникалык жабдуу, кабыл… Кененирээк…

Кыргызстанда кызылча жана сабиздин баасы бир жылда эки эсе кымбаттады

Кыргызстанда кызылча жана сабиздин баасы бир жылда эки эсе кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызылчанын орточо баасы 60 сомдон ашты.   Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу эки эсе кымбат. Ал эми сабиздин баасы былтыр 20-25 сом болсо, учурда… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдү тизмеси 3-июлга чейин даяр болот

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдү тизмеси 3-июлга чейин даяр болот. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти.   Андан такташкандай, жарандар өздөрүн www.tizme.kg сайтынан  тактап алышы керек. 2-июлга чейин тизмеге канадйдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Эске салсак, 11-апрелде 28 шаардык жана… Кененирээк…

“Челси” клубу Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жетти

Португалиянын Порту шаарында 29-майда өткөн Чемпиондор лигасынын финалында англиялык “Челси” клубу англиялык дагы бир “Манчестер сити” футбол клубун 1:0 эсебинде утту.   Беттештеги жалгыз голду оюндун 42-мүнөтүндө жарым коргоочу Кай Хаверц киргизди.   “Челси” ушуну менен экинчи ирет Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду. Клуб бул мелдешти… Кененирээк…

Нарында карыяны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар кармалды

Карыяны автоунаага салып алып “талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз” деп коркутуп, видеого тарткан адамдар кармалды.   Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя Нарын облусунун Кочкор районунда болгон. Бул факты Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.   Социалдык тармактарда аксакалды автоунаанын… Кененирээк…

Япониянын бир катар шаарларында карантиндик чектөөлөр кайрадан узартылды

Япония өкмөтү коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик өзгөчө кырдаал режимин 20-июнга чейин узартат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн экономиканы калыбына келтирүү министри Ясутоси Нисимурага шилтеме берүү менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.   «Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, бирок вирустун жаңы учурлары катталып жатат. Мындан улам карантиндик чектөөлөрдү 20-июнга чейин… Кененирээк…

Түркстан — Бишкек — Түркстан авиакаттамы бүгүн ачылат

Бүгүн 31-майдан тарта Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат.   “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришкендей,  жүргүнчүлөр жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча уча алат.   Түркстандан Бишкекке чейинки учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү… Кененирээк…

Индиянын түштүгүндө тургундар коронавирус кудайына сыйынып баштады

Индиянын түштүгүндө тургундар коронавирус кудайына сыйынып баштады. Чет элдик маалымат каражаттары жазышкандай, чиркөөдө вирустарга сыйынуу жүрүп жатат.   Жашоочулар андагы айкелдерди суу, сүт менен жууп, тамак-аш алып келип, ооруну басаңдатууну суранышууда. Белгилеп кетсек, Индияда коронавирустун жаңы түрлөрү чыгып, февралдан бери вируска кабылуу өрчүп жатат. Коронавирустан… Кененирээк…