Дүйнөдө ипотеканын жеткиликтүүлүгү боюнча рейтингде Кыргызстан төмөнкү көрсөткүчтө.
Анда жалпысынан 109 өлкөнүн ичинен биздин республика 98-орунду ээледи. Бул тууралуу
өлкөлөр боюнча мүлк бааларынын индексинде келтирилди. КМШ өлкөлөрү ичинен
Россия 65-орунда болсо, Молдова 73үнчүдө, Казакстан 74- позицияда. Ал эми Азербайжан 82-орунда турса,
Беларуссия 96чыда. Ал эми дүйнө боюнча эң арзан ипотека — рейтингдин лидерлери
Сауд Арабияда, Пуэрто-Рикодо жана АКШда.