Ушул жумада Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын дагы бир партиясы жеткирилет

Ушул жумада Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын дагы бир партиясы жеткирилет.

Бул тууралуу Акипресске  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү Кытайдан «Синофарм» препаратынын 150 миң дозасы келиши күтүлүдө.

Белгилеп кетсек, вакцина Кыргызстанга акысыз негизде берилет. Учурда өлкөдө Россиялык жана

Кытайлык эки препарат менен вакцинация жүрүп жатат. Эмдөө 29-мартта старт алган.