Баткен районунун Табылгы айылында сел жүрдү

Кечээ, 30-май күнү саат 19:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен

Баткен районунун Табылгы айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел жүрүп сайдын ичиндеги ички чарбалык унаа жолдун

200 метр аралыгын бузуп, сайдан ашкан суу 4 үйдүн короосун каптаган.

Бүгүн жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлөт.