Бишкекте дагы 2 линияга кичи автобустар кое берилди

Бишкекте дагы 2 линияга кичи автобустар кое берилди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, №227 маршруттук таксинин багытында 10 унаа жана №131-маршрутканын жүрүшү менен 11 транспорт каттайт. Андан тышкары, ордо калаада 25 автобус жарандарды акысыз ташып жатат. Алар №214, 211 жана 100-маршруттук таксилердин линиясында жүрөт. Бүгүн көчөлөргө 118… Кененирээк…

Бишкек мэриясы өзбекстандык компания менен эко-автобустарды жеткирүү боюнча макулдашууга кол койду

Бишкек мэриясы өзбекстандык компания менен эко-автобустарды жеткирүү боюнча макулдашууга кол койду. Документке ылайык, жыл аягына чейин ордо калаага газ менен жүргөн япониялык ISUZU маркасындагы өзбекстанда чыгарылган 350 экологиялык автобус жеткирилет. Макулдашууга ылайык, автобустардын алгачкы партиясы 1-июлга чейин келет.

Чоң-Алай районунда аскердик тик учак авриялык абалда конду

Чоң-Алай районунда аскердик тик учак авриялык абалда конду. Бул тууралуу Кабарга Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, аталган вертолетто УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болгон эмес. Буга чейин бир катар ММКлар Ош облусунун Чоң-Алай районуна багыт алган эки тик учактын бир кулаганы тууралуу жазып… Кененирээк…

Кыргызстанда “Жаш муун” аталышындагы пианисттердин сынагы башталды

Кыргызстанда “Жаш муун” аталышындагы пианисттердин сынагы башталды. Быйыл «Фортепиано» номинациясында 14-18 жана 19-25 жаш аралыгындагы он өнөрпоз жарышат. Иш-чара Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында өтөт. Конкурстук концерттер 9-июнга чейин уланат. Каалоочуларга кирүү акысыз.  

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсү 25-июнга чейин жабылат

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсү 25-июнга чейин жабылат. Кеп, көчөнүн Нургазиевден Аматовго чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти түштүк калаа мэриясынан. Аталган мөөнөт аралыгында №2-троллейбус каттамга чыкпайт. Ал эми башка номурдагы маршруттук таксилер көчөнү айланып өтөт. Кыймылга киргизилген убактылуу чектөөлөр күз-кыш мезгилине даярдануу максатында,… Кененирээк…

Кыргызстанда интернет аркылуу соода кылгандар салык төлөп калышы ыктымал

Кыргызстанда интернет аркылуу соода кылгандар салык төлөп калышы ыктымал. Мамлекеттик салык кызматынын  төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдиргендей, ведомство мыйзам долбоорун даярдап жатат. Ага ылайык, интернетте алып-сатууну жүргүзгөндөр гана эмес, ири компаниялар дагы салык төлөөгө милдеттүү болушат. Азырынча салыктын алдын ала ставкасы жалпы кирешенин 2 пайызын… Кененирээк…

Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп ачылат

Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп ачылат. Бул тууралуу билим берүү министри Болотбек Купешов билдирди. Алгач, биринчи баскыч менен үч мектеп курулат. Алар Ош жана Каракол шаарларында, Чүй облусунун  Сокулук районунда пайда болот. Андан кийин билим берүү мекемелери Баткен, Нарын, Жалал-Абад шаарларында, Манас, Өзгөн райондорунда жана Бишкектин жаңы… Кененирээк…

Кыргызстанда бир айдын ичинде койдун эти 29 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир айдын ичинде койдун эти 29 сомго же 6,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик кызматынан билдиришти. Июнда кой этинин баасы 486 сомду түзсө, бир ай мурда 457 сом болчу. Ошол эле учурда, уй эти бир айда 2,3 пайызга, ал эми тоок эти… Кененирээк…

Бишкекте кезектеги температуралык рекорд орнотулду

Бишкекте кезектеги температуралык рекорд орнотулду. Кечээки 3-июнь ордо калаадагы метео байкоо тарыхында эң ысык күн болду. Мындай маалыматты “Аба-ырайы жана климат” сайты берүүдө.   Ага ылайык, кечээ шаардагы максималдуу температура 34,7 градусту түздү. Бул климаттык нормадан 7,7 пайызга жогору. Ал эми эң суук 3-июнь 1985-жылы… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцина сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 815 миллион сом бөлүп берүүнү суранууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцина сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 815 миллион сом бөлүп берүүнү суранууда. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, бул каражатка россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алуу пландалууда. Белгилеп кетсек, бул препараттын ар бир дозасы 10 доллардан айланат.