Кыргызстанда бир айдын ичинде койдун эти 29 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир айдын ичинде койдун эти 29 сомго же 6,3 пайызга жогорулады.

Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Июнда кой этинин баасы 486 сомду түзсө, бир ай мурда 457 сом болчу.

Ошол эле учурда, уй эти бир айда 2,3 пайызга, ал эми тоок эти 1,4 пайызга

наркын жогорулатты. Кошумчаласак, быйыл майда жылдык

инфляциянын деңгээли 10,7 пайызды түздү.