Талас шаарынын мэри болуп Аскар Шабданов дайындалды

Талас шаарынын мэри болуп Аскар Шабданов дайындалды.   Калаа жетекчисин шайлоо бүгүн өттү. Бул кызматка ошондой эле Адылбек Жусупбеков дагы талапкерлигин койгон. 31 депутаттын 23ү өз добушун Шабдановго беришти.   Белгилеп кетсек, буга чейин Аскар Шабданов уюлдук компаниялардын биринин Таластагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген.

Кайра шайлоонун бюллетендеринин тексти 28-июнга чейин бекитилет

Кайра шайлоонун бюллетендеринин тексти 28-июнга чейин бекитилет. БШКнын маалыматына ылайык, 3-июлга чейин документтер толугу менен даяр болушу керек. Ал эми аймактардагы шайлоо тилкелерине 8-июлга чейин берилип, тизмелер илиниши зарыл.   Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо 11-июлда өтөт. 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңеш… Кененирээк…

Индияда COVID-19 илдети кайрадан күч алды

Индияда акыркы суткада коронавирус илдетинен өлүмдүн рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы суткада COVID-19 илдетинен 6 миң 148 адам каза болгон.   Айта кетсек, Джон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Индия өлкөсүндө… Кененирээк…

Опера жана балет театрынын жети артисти иштен кетти

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан кеминде жети артист жумуштан кетти. Арасында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышат.   Дооматтар тууралуу Нуртазин кийинчерээк комментарий берерин… Кененирээк…

Бишкекте июндун дээрлик экинчи декадасы жагымдуу болот

Бишкекте июндун дээрлик экинчи декадасы жагымдуу болот. Синоптиктер билдиришкендей, айдын башында катталган катуу ысык күндөр убактылуу кетти. Бүгүнтөн тартып ордо калаада +28…30 градустан ашпайт. Ошондой эле түнкүсүн дагы салкын болот. Максималдуу түрдө +16га чейин. Бир гана кемчилиги жаан жаабайт. Мындай климаттык нормадагы аба-ырайы 19-июнга чейин… Кененирээк…

18-июндан тартып Бишкек – Балыкчы сезондук поезди каттап баштайт

18-июндан тартып Бишкек – Балыкчы сезондук поезди каттап баштайт. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, жарандар жумадан жекшембиге чейин каттай алышат. Поезд Бишкектен таңкы 7де чыгып, саат 11ден 59 мүнөт өткөндө “Балыкчы” станциясына келет. Кайра балыкчыдан кечки саат 5тен 15 мүнөт өткөндө чыгат жана ал ордо… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” тиричилик керектөөчүлөргө үч фазалуу эсептегичтерди берүүнү токтотконун эскертет

“Түндүкэлектр” тиричилик керектөөчүлөргө үч фазалуу эсептегичтерди берүүнү токтотконун эскертет. Мындай чектөөлөр кийинки жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот. Ошондой эле, кубаттуулукту жогорулатуу үчүн уруксат берүү процедурасы дагы токтотулду. Мындай чара өлкөнүн энергоресурсун үнөмдүү колдонуу үчүн жана кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн кабыл алынды.

Каракол шаарына жаңы башчы дайындалды

Каракол шаарына жаңы башчы дайындалды. Калаа мэри болуп Эрмат Жуматаев бекитилди. Шайлөө бүгүн өттү, ада Жуматаевдин бийлигине 31 депутаттын 19 макул деп добуш берди. Ал буга чейин Каракол шаарынын мэринин милдетин аткарып келген.

Бишкекте ысык суу өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилет

Бишкекте ысык суу өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилет. Күтүлгөндөй, кийинки жуманын ичи, 17-18-июнда ордо калаадагы коп кабаттуу үйлөргө ысык суу келет, — деп билдирди Novosti.kgге “Бишкек жылуулук энерго” ишканасыны инженери Руслан Мамбетов. Анын айтымында, жайкысын Бишкекти ысык суу менен камсыз кыла турган 15 от казанда иштер… Кененирээк…

Кыргызстанга вакцина алган туристтер эртеңден тартып келе алышат

Кыргызстанга вакцина алган туристтер эртеңден тартып транспорт аркылуу, 19-июндан баштап учак менен келе алышат. Бул тууралуу туризм департаментинен билдиришти. Алгоритмге ылайык, Кыргызстан аймагына кирүү үчүн акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын же вакцина алганын тастыктаган документин көрсөтүү керек. Маалым кат кагаз же электрондук… Кененирээк…