Кайра шайлоонун бюллетендеринин тексти 28-июнга чейин бекитилет

Кайра шайлоонун бюллетендеринин тексти 28-июнга чейин бекитилет. БШКнын маалыматына ылайык, 3-июлга чейин документтер толугу менен даяр болушу керек. Ал эми аймактардагы шайлоо тилкелерине 8-июлга чейин берилип, тизмелер илиниши зарыл.

 

Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо 11-июлда өтөт. 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.