“Түндүкэлектр” тиричилик керектөөчүлөргө үч фазалуу эсептегичтерди
берүүнү токтотконун эскертет. Мындай чектөөлөр кийинки жылдын
1-апрелине чейин күчүндө болот. Ошондой эле, кубаттуулукту жогорулатуу
үчүн уруксат берүү процедурасы дагы токтотулду. Мындай чара өлкөнүн
энергоресурсун үнөмдүү колдонуу үчүн жана кышкы сезонду
ийгиликтүү өткөрүү үчүн кабыл алынды.