Кыргызстанга вакцина алган туристтер эртеңден тартып транспорт аркылуу,
19-июндан баштап учак менен келе алышат. Бул тууралуу туризм
департаментинен билдиришти. Алгоритмге ылайык, Кыргызстан
аймагына кирүү үчүн акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган
ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын же вакцина алганын тастыктаган
документин көрсөтүү керек. Маалым кат кагаз же
электрондук түрдө болушу зарыл.