18-июндан тартып Бишкек – Балыкчы сезондук поезди каттап баштайт

18-июндан тартып Бишкек – Балыкчы сезондук поезди каттап баштайт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, жарандар жумадан

жекшембиге чейин каттай алышат. Поезд Бишкектен таңкы 7де чыгып,

саат 11ден 59 мүнөт өткөндө “Балыкчы” станциясына келет. Кайра

балыкчыдан кечки саат 5тен 15 мүнөт өткөндө чыгат жана ал ордо калаага

10до жетет. Баасы 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5тен 10 жашка

чейинкилерге 34 сом болсо, чоңдор 69 сомдон төлөшү керек.