Кыргызстан вакцинация жөнүндө 20 мамлекеттин сертификатын тааныйт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тизмеге Улуу Британия, Венгрия, Россия, Грузия, АКШ, Өзбекстан жана башка өлкөлөр кирди.
Ошондой эле, Кыргызстан аймагына ПЦР-тестти тапшыргандар тоскоолдуксуз кире алат.