Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоого даярдык иштери дээрлик жыйынтыкталды

Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоого даярдык иштери дээрлик жыйынтыкталды.

 

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, добуш берүүгө урналар шайлоо тилкелерине жеткирилди, учурда операторлор жабдууларды текшерүүдөн өткөрүп жатат.

 

Бюллетендер болсо аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылган. Эске салсак, жалпысынан 3 шаарда 300дөн ашык участок ачылат. Добуш берүүчүлөрдүн саны 600 миңден ашат. Эске салсак, шайлоо 11-июлда өтөт.