Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду 10-августка чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

 

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.

 

«Өткөндө райондук сот Ниязовдун баш коргоо чарасын 10-августка чейин узартуу боюнча чечим кабыл алган. Мен бул чечимге нааразы болуп, Бишкек шаардык сотко доо арыз менен кайрылгам. Бирок, шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырды. Фарид Ниязов 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу отурганына тогуз ай болду. Негизи өтө оор кылмыштар боюнча тергөө эки айга созулат. Бул киши бир ирет эле суракка алынды. Саясий туткун катары отурат деп эсептейм».

Фарид Ниязов алгач 2019-жылы августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. 2020-жылы 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашканда бошотулган.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулуп, ал таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон. Милиция жаңжал боюнча иш козгоп, 10-октябрда Фарид Ниязов менен чогуу бир топ адамды кармаган.

Акыйкатчы институту 3-мартта Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борбору Фарид Ниязовго 3-даражадагы гипертониялык оорусу бар деген диагноз койгонун кабарлаган. Башкы прокуратурага анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү сунуштаган.