Бишкекте 2,5 миң тиричилик керектөөчүсү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, ордо калаада дебитордук карыздын жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашат.
Эртең автоматташкан система карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүп баштайт.
Ыңгайсыздыктары алдын алуу максатында, жарандарга эсептерди жабуу сунушталат. Төлөмдөрдү терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүү керек.