Максатта кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу башталды

Баткендин Лейлек районуна караштуу Максат айылында куралдуу чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу башталды. Ага ылайык, Түркиядан келген жеңил типтеги тамдар кураштырылат. Ушул тушта төрт үйдүн пайдубалы салынып, дубалын бириктирүү башталды.

 

Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги атайын өкүлү Мамыржан Рахимов 5-июлда “Азаттыкка” жаңжалда кыйраган турак жайдын саны 140ка жеткенин кабарлады. Буга чейин кыйрап-талкаланган, өрттөнгөн үйлөрдүн саны 136 деп эсептелген болчу.

 

Рахимов ар бири 126 чарчы метр болгон, заманбап шарттагы үйлөрдүн баары өлкөнүн эгемендик күнүнө карата толук курулуп бүтөрүн кабарлады.

 

Өткөн аптада Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган 29 үй кайра курулуп, ээлерине тапшырылган. Тажик бийлиги аларга эки бөлмөлүү үй салып берген.

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө кылмыш иштери козголгон.