Өзбекстан TikTok жана башка социалдык тармактарга тыюу салды

Өзбекстан TikTok жана башка социалдык тармактарга тыюу салды. Буга жеке маалыматтар тууралуу мыйзам бузуу себеп.   Ага ылайык, маалымат жана телекоммуникация жаатында көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик инспекция Twitter, TikTok жана ВКонтакте жеке маалыматтарды бузган тармактардын реестрине киргизилди.   Белгилеп кетсек, ТикТокко АКШ жана башка көптөгөн мамлекеттерде… Кененирээк…

Кыргызстандан малды экспорттоого уруксат берилет

Кыргызстандан малды экспорттоого уруксат берилет. Айыл-чарба министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев “Азаттыкка” билдиргендей, 8-июлдан тарта малды Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилет.   Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлгөнүнөбайланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды.   Эске салсак, өткөн жылдын… Кененирээк…

Лука Модрич Хорватия курамасындагы карьерасын жыйынтыктады

Лука Модрич Хорватия курамасындагы карьерасын жыйынтыктады.   Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүндөгү Хорватия-Испания беттеши ал үчүн акыркы оюн болду.   35 жаштагы Лука Модрич курамада өткөргөн оюндардын саны боюнча рекорд койду – 142. Улуттук команда үчүн ал 18 гол киргизген. Хорватия менен бирге Модрич 2018-жылкы дүйнө… Кененирээк…

Айбек Стамов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болду

Айбек Стамов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болду.   Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы болуп Бахадыр Конуров дайындалды.   Буга Кайрат Маматов төрага болуп иштеп келген.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларга тетиктерди алып келүүгө тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанга оң рулдуу унааларга тетиктерди алып келүүгө тыюу салуу сунушталды.   Сунушту Санариптик өнүктүрүү министрлиги көтөрдү. Андан түшүндүрүшкөндөй, 2015-жылы оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилген эмес.   Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу машинелерди кураштырган тетиктер… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны ачылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Жыйын саат 10:00дө башталат. 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын жабылуу аземи өткөн. Бул сессияда 131 мыйзам долбоору, 615 токтом кабыл алынып, премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын жетекчилеринин… Кененирээк…

Бишкек мэриясы шаар тургундарын бак-дарак сугарууга чакырды

Бишкек мэриясы шаар тургундарын бак-дарак сугарууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   «Жакынкы аралыкта Бишкекте күн мындан да ысышы күтүлүүдө. Борбордук Азия аймагы, анын ичинде биздин өлкө сугат суусунун кескин тартыштыгын баштан кечирип жаткандыгын эске алуу керек. Ушуга байланыштуу, урматтуу жарандар,мүмкүн болушунча үйүңүздүн… Кененирээк…

Бишкек – Кара-Балта  унаа жолун оңдоо иштери кийинки жылдын октябрында жыйынтыкталат

Бишкек – Кара-Балта  унаа жолун оңдоо иштери кийинки жылдын октябрында жыйынтыкталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Белгилеп кетсек, трасса колдонууга 2020-жылы эле берилмек, бирок пандемия жана техникалык маселелерден улам, жумуштар кечигүү менен жүрдү. Жолдун жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Ал 2017-жылы эле… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу жааган жаан улам Күйөө-Таш айылында сел 11 турак-жайды, ички чарбачылык жолдорду суу каптады.   Жеринде куткаруучулар жана атайын техниканын жардамы менен тазалоо иштери аткарылды. Жабыркагандар жок, — дешти ведомстводон.

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 8ге чейин электр энергиясы Циолковский, Осмонов, Кривоносов, Гагарин, Фучик, Күрөңкеев, Элебесов, Мамбетов көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо, Арча-Бешик конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.