NASA уча турган таксилерди сынактан өткөрө баштады

NASA уча турган таксилерди сынактан өткөрө баштады. Joby аба таксисин улуттук компания жасап чыгарды. Ал эки учкуч менен төрт жүргүнчүгө ылайык. Ылдамдыгы саатына 320 чакырымга чейин жетет, бир жолку кубат менен 240 чакырымды учуп өтө алат. Пландалгандай, 2023-2024-жылдары Joby таксилери кеңири колдонулат. Аба таксисинин үнү… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэри Азамат сагындыу уулу ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкектин вице-мэри Азамат сагындыу уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек жунушалиев кол койду. Эске салсак, Азамат Сагындык уулу жер маселеси, шаар куруу жана архитектура жагын жетектеп келген.

Ошто ипотекалык багыттагы үйлөрдү 5-октябрь, шаар күнүнө карата тапшыруу пландалууда

Ошто ипотекалык багыттагы үйлөрдү 5-октябрь, шаар күнүнө карата тапшыруу пландалууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда турак жайлар Курманжан Датка, Көкүм-Бий көчөлөрүндө жана Достук кичи районунда курулууда. Үйлөр 9 кабаттан турат, ар биринде 80, 90 жана 45 батир бар. Ал ортодо учурда ипотекалык турак жай алууну… Кененирээк…

Жаңы окуу жылынын башталышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыздайт

Жаңы окуу жылынын башталышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыздайт. Novosti.kgге жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 15-сентябрдан тартып чоң жолдун боюнча жайгашкан мектептерде атайын аймактык бекитилген милиционерлер иштейт. Алар ар бир мектепте сабактардын башталышы жана аякташына карата окуучуларды жолдон коопсуз өткөрүп,… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцинация жүргүзүүдө басым  мугалимдерге жана студенттерге жасалат

Коронавируска каршы вакцинация жүргүзүүдө басым  мугалимдерге жана студенттерге жасалат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, жогорку окуу жайларда жана ири мектептерде убактылуу эмдөө түйүндөрү ачылды. Пландалгандай 220 миң студент эмделет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 73 көчмө топ иштеп жатат. Белгилеп кетсек, билим берүүнү салттуу негизде… Кененирээк…

Диетологдор күнүнө канча алма жесе боло турганын айтып беришти

Диетологдор күнүнө канча алма жесе боло турганын айтып беришти.   Организмге зыян келтирбеш үчүн бир күндө 3төн көп эмес алма жесе болот. Алма кычкыл мөмө экенин эстен чыгарбоо керек, демек ал ашказанга зыян тийгизет.   Андан тышкары, алма табитти ачат. Андыктан, арыктайм дегендер алманы кечкисин… Кененирээк…

Бензиндин баасы дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн

Бензиндин баасы дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн. Бүгүнтөн тарта аны Кыргызстанга кошумча алым менен киргизип жатышат. Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, соңку 5 жылдан бери Россиядан алымы жок жеткирилген күйүүчү-майлоочу материалдын көлөмү өзгөргөн жок.   Бирок августта Кыргызстан алымы жок бериле турган бензинди толугу менен жеткирген.… Кененирээк…

Бишкекте 73 эмдөө түйүнү иштеп жатат

Бишкекте 73 эмдөө түйүнү иштеп жатат.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-сентябрга карата коронавируска каршы 12 миң 601 адам эмдөөдөн өттү. Алардын 7,5 миңге жакыны эки компонентти тең алышты.   Ал эми өлкө боюнча вакцина алгандардын жалпы саны 1 миллион 155 миңге жетти. Кыргызстанда COVID-19га… Кененирээк…

Бишкектиктер акысыз медициналык кароодон өтө алат

Бишкектиктер акысыз медициналык кароодон өтө алат. Мэриянын маалыматына ылайык, ордо калаанын үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда ошондой эле ЭКГ жана УЗИ кызматтары акысыз көрсөтүлөт.   Бул калкты коронавируска каршы эмдөө боюнча акциянын алкагында өтө турчу иш-чара. Акция 10-сентябрга чейин уланат.

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Биринчи май районунун  акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна буга чейин вице-мэр болуп иштеп жаткан Жамалбек Ырсалиев дайындалды.   Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.