Ошто ипотекалык багыттагы үйлөрдү 5-октябрь, шаар күнүнө карата тапшыруу пландалууда.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда турак жайлар Курманжан Датка,
Көкүм-Бий көчөлөрүндө жана Достук кичи районунда курулууда. Үйлөр 9 кабаттан турат,
ар биринде 80, 90 жана 45 батир бар. Ал ортодо учурда ипотекалык турак жай алууну
каалаган 1 миң 700 адам кезекте турат. Иштер токтобойт, келечекте дагы
ушундай 3 үй салынат, — деп кошумчалашты мэриядан.