Бишкекте 73 эмдөө түйүнү иштеп жатат

Бишкекте 73 эмдөө түйүнү иштеп жатат.

 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-сентябрга карата коронавируска каршы 12 миң 601 адам эмдөөдөн өттү. Алардын 7,5 миңге жакыны эки компонентти тең алышты.

 

Ал эми өлкө боюнча вакцина алгандардын жалпы саны 1 миллион 155 миңге жетти. Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.