Президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдр жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдр жөнүндө жарлыкка кол койду.   Ага ылайык, президенттин облустагы өкүлүнүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары болот.   Орун басарларын жана биринчи орун басарын өкүлдүн сунушу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт жана бошотот. Жапаровдун жарлыгы менен ага… Кененирээк…

Криштиану Роналду «Манчестер Юнайтедде» дагы 7-номерди алат

“Манчестер Юнайтеддин” жаңы жылдыздуу оюнчусу Криштиану Роналду командада жетинчи номерди алат. Дал ушул сан менен форвард буга чейин дагы башка клубда ойноп келген.   Белгилеп кетсек, Англиянын премьер-лигасында сезондун ортосунда номерди өзгөртүүгө тыюу салынат, бирок Роналду үчүн мындай артыкчылык берилди.   Буга чейин жетинчи номер… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуздук күч алууда

Кыргызстанда жумушсуздук күч алууда.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 1-августка карата иш издегендердин саны 104 миң 600 кишиге жетти. Бул өткөн жылга салышытмалуу, 4 пайызга көп.   Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында  жана көбү аялдар.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү аскердик күч боюнча дүйнөлүк рейтингде   140 мамлекеттен 93-орунга жайгашты

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү аскердик күч боюнча дүйнөлүк рейтингде   140 мамлекеттен 93-орунга жайгашты. Биздин армия курал менен камсыздоо жана аскерлердин запасы менен Зимбабве, Грузия, Камбоджа жана Гватемала менен бир катарда турат. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө мурдагыдай эле 11 миң аскер жана офицерлер бар.   Ал эми коргонууда… Кененирээк…

Жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеген мигранттар Кыргызстанга  1 миллиард 100 миллион доллар которду

Жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеген мигранттар Кыргызстанга  1 миллиард 100 миллион доллар которду.   Мындай маалыматты Улуттук банк берди.   Республикага которулган акчанын жалпы көлөмү былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 31 пайызга же 261 миллион долларга өстү. Белгилеп кетүүчү нерсе, сумманын дээрлик… Кененирээк…

Индияда кеңселердин биринде өзгөчө акция жүрүп жатат

Индияда кеңселердин биринде өзгөчө акция жүрүп жатат. Фирманын жетекчиси “Ден соолукта бол” программасын иштеп чыкты.   Ага ылайык, компаниянын кызматкерлерине туура тамактануу, көп кыймылда болуу жана саламаттыгына кам көрүү сунушталат.   Алар жыйынтыктары менен бөлүшүп, башка адамдарды дагы шыктандырып турушу керек. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн… Кененирээк…

Кыргызстандын электр тармактары күзгү-кышкы сезонго даярдалууда

Кыргызстандын электр тармактары күзгү-кышкы сезонго даярдалууда.   Улуттук электр тармактарынын маалыматына ылайык, учурда подстанцияларды, жогорку чыңалуудагы линияларды жана мамыларды оңдоо иштери жүрүп жатат.   Калыбына келтирүү жумуштары кышында жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт. Андан тышкары, имараттар, курулуштар ремонттолуп, энерго объектилерди суу каптоодон коргоо иштери жүрүүдө.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого бюллетендердин тексти 3-ноябрга чейин бекитилет

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого бюллетендердин тексти 3-ноябрга чейин бекитилет. БШКдан билдиришкендей, 21-ноябрга чейин бардык документтер даяр болуп, 23-ноябрга чейин аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылышы керек.   Ал эми шайлоо тилкелерине бюллетендер 27-ноябрда жеткирилет. Эске салсак, парламенттик шайлоолор ушул жылдын 28-ноябрында өтөт.   Учурга карата  26 партиядан… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Чүй, Алма-Ата, Осмонкул, Салиева, Тыныстанов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Калыс-Ордо, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстан Индия жана Пакистандын жарандарына виза берүүнү токтотту

Кыргызстан Индия жана Пакистандын жарандарына виза берүүнү токтотту.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, “Электрондук виза” порталында туристтик виза берүү функциясы убактылуу иштебейт.   Учурда Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын Кыргызстанга келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында, ошондой эле алардын өлкөдө… Кененирээк…