Жаңы окуу жылынын башталышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери
окуучулардын коопсуздугун камсыздайт. Novosti.kgге жол кыймылынын коопсуздугун
көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 15-сентябрдан тартып
чоң жолдун боюнча жайгашкан мектептерде атайын аймактык бекитилген милиционерлер иштейт.
Алар ар бир мектепте сабактардын башталышы жана аякташына карата окуучуларды
жолдон коопсуз өткөрүп, башталгыч класстын балдарына жол эрежелери
боюнча түшүндүрүү, алдын-алуу сабактарын өтүшөт.