Бензиндин баасы дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн

Бензиндин баасы дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн. Бүгүнтөн тарта аны Кыргызстанга кошумча алым менен киргизип жатышат. Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, соңку 5 жылдан бери Россиядан алымы жок жеткирилген күйүүчү-майлоочу материалдын көлөмү өзгөргөн жок.

 

Бирок августта Кыргызстан алымы жок бериле турган бензинди толугу менен жеткирген.

 

Эми сентябрдан тарта бензинди ташууда тоннасына 19 доллардан алынат. Буга байланыштуу өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы жогорулайт.