Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго жана мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге генерал-лейтенант наамдары, Коргоо министри болуп кечээ гана дайындалган Бактыбек Бекболотовго генерал-майор наамы ыйгарылды.

 

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев дагы генерал-майор болду.